Биз кимбиз?
мыкты гей альпинисттердин командасы
Дастан Кыргызстанда, көчмөн тарыхы бай болгон кооз жана укмуштуу тоо пейзаждары бар өлкөдө туулган. Ал жерде, өзүнүн туулган өлкөсүндө ал жаратылышты сүйүп, анын сулуулугун баалап, сноуборд, альпинизм, аскаларга чыгуу аркылуу ыракаттанып келген.
Дастан спортту жана жашоонун активдүү мүнөзүн баалайт. Кайда болбосун, Альп тоолорунда параплан учууда, Скандинавияда лыжа тебүүдө, Канарлар деген аралдарда (кайт)серфинг ырахат алуудо же Берлин шаарындагы марафондо чуркоодо болбосун, спорт ага чектен чыгууга жардам берет.
В своей профессиональной жизни Дастан - программист. Сейчас он работает разработчиком и консультантом в айти компаниях и стартапах в Германии. Ал ошондой эле чоң академиялык тажрыйбага ээ: Норвегиянын Осло шаарындагы Метрополитен университетинде магистратураны аяктаган, ошондой эле Берлиндеги Эркин университетте (Германия), Борбордук Азиядагы Америка Университетинде / Бард Колледжинде (Кыргызстан) жана Пирс Колледжинде (АКШ) билим алган.
Дастан - гей активист. Ал кыргыздардын арасынан биринчи болуп кыргыз маалымат каражаттарында гейлердин проблемалары тууралуу ачык жарыялап чыккандардын бири. Бул нерсе негативдүү реакцияны жаратып, ал Норвегияда билим алууга жана коопсуз жашоого мажбур болду.
«Кызыл чокулар» акциясынын ичинде Дастан Түштүк Америкадагы Аконкагуа, Европадагы Эльбрус, Батыш Европадагы Монблан, Африкадагы Килиманджаро, Австралиядагы Костюшко/Кунама Намаджи/Ягунгал тоосу, Кыргызстандагы Лейпциг чокусу жана Путин чокусу боюнча экспедицияларга катышкан.
Жакында ал доктордук диссертациясын жактап, алдыда Дастан жана башкалар менен биргеликте ар бир континенттин эн бийик жети чокуларын багындырууну озу чон максат кылып койду.
Альпинизмде Штеффендин тажрыйбасы азыраак болгон менен , ал спортту жактап, бийик интенсивдуу машыгууларында озун электрошокер менен «кыйнайт». Штеффен сноуборд тепкенди жакшы корот жана Альпадагы лыжалык, сноуборд иш чараларына узгултуксуз катышып турат.
Штеффен – бир санариптик компаниянын сыймыктуу ачык гей директору, ал 2018 жылы Германиянын 100 мыкты жетекчилеринин тизмесине кирген.
Крис ошондой эле альпинизмди, аскага жана музга чыгууну, акваланг менен сүзүүнү жана параплан менен сүзүүнү машыктырат. Ал ошондой эле кросс-кантри жана марафондорду көп чуркаган. Анын тоолорго жана ачык спортко болгон ышкысы аны Германиянын Альгау шаарга, Альп тоолго жашоого алып келди.
Мистер X 2021-жылы Монбланды багындыруу үчүн Кызгылт Чокулар командасына кошулду.
Кызгылт чокулар акциясынын алкагында Эмили Кыргызстандагы экинчи экспедицияга кошулган.
* Лесбиянка, интерсекс, бинардык эмес, трансгендер, сексуалдык аялдар
Ханс Мартин жакын арада озунун велоспорттогу узун дистанциядагы жаны дилгирленуусун тапкан. Тышта тийип турган кун ал учун- конулдуу шайыр тамаша: кундун биринчи жебеси анын Ослодогу балконуна тийе баштаганда эле , ал ошол замат гриль койуп таза абада эс ала баштайт.
Альпинизмде тажрыйба топтоп келген Ханс Мартин – пландаштыруунун устаты, анткени бироо уйундо бир нерсесин унутуп калса, турдуу учурлардын баарын эске алган Ханстан тапса болот.
Кызгылт чокулар кампаниясынын алкагында Рюдигер Түштүк Америкадагы Аконкагуага, Кыргызстандагы Лейпциг чокусуна жана Кыргызстандагы Путин чокусуна экспедицияларга кошулган. Бирок, Рюдигер өз алдынча көптөгөн башка экспедицияларга, анын ичинде Монблан жана Килиманджарого катышкан.
Жалпак Голландияда жашаса да, тоого жана жаратылышка барганды жакшы көрөт. Жыл ичинде Джозеф кроссфит жана боулдеринг менен машыгат, ал эми жайында жана кышында тоого жанала аскаларга чыгат же лыжа тебет.
«Мен жылына жок дегенде бир жолу цивилизациядан чыгып кетүүнү жакшы көрөм. Жана, Месснер мырза белгилегендей, заманбап дүйнөдө, эреже катары, бул вертикалдуу жүрүүнү талап кылат. Кызгыл Чокулар акциянын аркасында биз бул дүйнөнү пикирлеш адамдар менен бирге изилдей алабыз».
Кызгылт чокулар кампаниясынын алкагында Джозеф Кыргызстандагы Лейпциг чокусуна жана Путин чокусуна экспедицияга кошулган.
Бьорн эдвенчер рейсингде активдүү катышат. Бул 3-4 адамдан турган командалык спорттун түрү, ага навигация, чуркоо, тоо велосипеди, байдарка жана аскага чыгуу кирет. Бьорндун көптөгөн достору да сырттагы спорт менен машыгышат.
«Тилекке каршы, дүйнө жүзү боюнча көптөгөн адамдар ЛГБТК адамдары тууралуу терс пикирге ээ.
"Кызгыл чокулары" демилгенин команданын мүчөсү болуу – бул күчтүү жана кайраттуу адамдардын позитивдүү имиджин жайылтуу, ошондой эле адамдарга гумандуулук менен мамиле кылуунун маанилүүлүгү» - деп Бьорн.
Дария аналогдук фотосурот тартууга кызыгып , велосипед тепкенди жакшы корот. Ал Жети Чокунун баардыгын багындыра албаса дагы , ал биздин команданын эн маанилуу тузумдорунун бири болуп эсептелинет жана кампанияны ийгилик алып келуучу копчулук аспектилери менен алектенет.
Кристиан- Канададагы Торонто университетинин паллиативдуу жардамынын кафедрасынын доценти жана Улуу Британиядагы Лондондогу Падышалык колледжинин психиатрия, психология жана неврология Институтунун чакырылган лектору болуп иштейт. Мындан тышкары ал адамдардын жашоосунун аягында психосоциалдык , паллиативдик жардам беруу жана багуу Глобалдык институтунун мугалими жана экзистенциялдык терапияны Канадада,Израильде, Турцияда жана Германиядагы окутуу милдеттенмеси бар Европадагы Федерациясынын торагасы.
Кристианды биринчи учурда экзистенциалдык азап чегуу менен тушунуу оз ара байланышы кызыктырат. Ал кандайдыр бир группанын ичиндеги фаворитизм менен башкаларга болгон агрессиялык психологиясына кызыгат. Оздук кайтыш болуунун жана оздук окунуу менен кайгырууну тушунуу - бизге окшобогон башка адамдар менен оз ара катнашыбызга кандайча таасир этет экендиги- Кристиандын азыркы изилдоо темасы болуп эсептелинет.
ЛГБТК+ активист катары ал 2017-жылы башка көптөгөн акциялардын арасында өзүнүн кичи мекенинин (Марсель, Франция) борборундагы экинчи чоң тепкичке асан-үсөн түстөрү менен алп сүрөт тартууну демилгелеген жана Чеченстан, Кот-д'Ивуар, Сириядан келген ЛГБТ+ качкындарына аларга коопсуз башпаанек табуу үчүн жардам берген.
Илим магистри, Германиянын Фрайбург университетинин жана По-Акс университетинин бүтүрүүчүсү Тео Шалланд Неворе буга чейин Буш-дю-Рон округдук кеңешинде Социалисттик жана Жашыл топтун саясий стратегиясын жана талдоосун жетектеген. Жумушсуздар, аз камсыз болгон үй чарбалары жана балдар үчүн коопсуздук тармактары, аймактарды өнүктүрүү саясаты, саясий күн тартибин жана пиарды түздү.
Тео Шалланд Неворе адамгерчиликке, кадыр-баркка жана адилеттүүлүккө бекем ишенет. Ал бардыгы үчүн жакшы дүйнөнү жактайт.
Мартин мындан тышкары жаратылышты жана спортту жакшы корот. Аны бала чагынан баштап ата энеси ар бир дем алышта походдорго алып барышчу. Эми биздин Pink Summit командасы менен ал олуттуу треккингге кошулду! Ал биздин командага 2019 жылы , биз Килиманджарого чыгып атканда кошулду.
Мартиндин кее бир артык коргон нерселерин айта кетсек ал: кышка караганда жай, виного караганда пиво, Тундук Кореяга караганда толеранттуулукту артык корот.
Анда бизге кошул! Сен бардык 7/9 чокуларды, алардын бирин багындыра аласың же башка экспедицияларга жана жүрүштөргө кошула аласың. Альпинизм тажрыйбасына ээ болуу сонун болмок, бирок талап кылынбайт.
Сураныч, көңүл бур: сен өзүңдүн чыгымдарыңды көтөрүшүң керек. Бирок Osprey сыяктуу демөөрчүлөр экспедициялар учурунда жабдуулар жана башка топтук чыгымдарга жардам бере алышат.
Биздин укмуштуу окуяларга кошулууну кааласаң, dastan /at/ pinksummits.com дарегине жаз!